Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган кез, күндүзгү маалдын башталышы. Таң жели ичиркентип бетке согот (Мидин). Таң сүрүп жаңы атканда, Эрик жел ойноп чапканда (Бөкөнбаев). Сагынып сенин аруу ак таңыңды, Көз жаш болуп жылгаңдан акканымды (Байгазиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ороп, чырмап байлоо. Балбандар аттан түшүп даярданды, Бооруна, аркасына тердик таңды (Маликов). Таңылчакты таңгыла. 2. Сынган же чыккан жерди ордуна келтирип, бекем ороп байлоо. 3. Эркине, оюна койбой атып бир нерсени өткөрүүнүн, же бирөөнү макулдатуунун ж. б. аракетин кылуу, асылып сунуш кыла берүү, таңуулай берүү.